В
Все
М
Математика
А
Английский язык
Х
Химия
Э
Экономика
П
Право
И
Информатика
У
Українська мова
Қ
Қазақ тiлi
О
ОБЖ
Н
Немецкий язык
Б
Беларуская мова
У
Українська література
М
Музыка
П
Психология
А
Алгебра
Л
Литература
Б
Биология
М
МХК
О
Окружающий мир
О
Обществознание
И
История
Г
Геометрия
Ф
Французский язык
Ф
Физика
Д
Другие предметы
Р
Русский язык
Г
География
кот883
кот883
22.07.2021 10:26 •  Другие предметы

Напишите краткое содержание Уч мээрим

Показать ответ
Ответ:
Andreораидзпч
Andreораидзпч
09.02.2022 16:00

ответ:Бөрүбайдын окуясы.

Бөрүбай 24 жаштагы жаш жигит. Ата-энесинен ажыраган Бөрүбай атасынан үйрөнгөн кесибин улантат. Ал боз үйдүн жыгачтарын жасайт. Бир күнү ал саадагы менен кара мылтыгын асынып аң уулап чыгат. Жолунан ак боз үйгө туш болот. Бул Самат ажо аттуу элбашынын үйү болот. Ажонун сулуу Арзыгүл аттуу кызын жактырып калат. Бирок ал кызга жетпей калат.Себеби ал колунда жок жигит эле. Арзыгүлдү алганы келген карыган абышка Жооруну канжар менен өлтүрүп, Бөрүбай ал жерден алыс жакка качып кетет. Башка жерге барып эл арасына отурукташып, боз үй жасап, малдуу болот. Бирок Арзыгүлдү унута албайт. Күйүтүн чоор менен чыгарууну адат кылып алат. Бир күнү Бакалбай куучуга жолугат. Бакалбай куучу ага чоор ойнобоосун эскертет.

Жылан кыздын аруу сезими

Бөрүбай жашырынып, Бакалбай куучунун айтканын укпай, токойго барып чоорун тарта берет. Аны Бакалбай куучу билип калат да, айтканды укпадын, эми өзүң бил дейт. Ал токойдун аты - Жыландуу. Ал жер - жыландын ордосу дейт. Аны укпаган жигит кызыл карагайдын түбүнө келип чоорун ойной берет. Бир күнү чоорун ойноп бүтүп, кетип баратса "Жардамга" деген үндү угат. Бул чоордун үнүнө арбалган жылан падышасынын кызы болот. Кыз жылан ата-энесинин тыйганына көнбөй, жыландар дүйнөсү менен коштошуп, адамга айланып калат. Бөрүбай анын Арзыгүлгө окшош экенин көрүп карап туруп калат. Кыз аны атайын издеп келгенин айтат. Бөрүбай сүйүнүп кетип бирге жашоого сунуш киргизет. Кыз да бара турган жери жок экенин айтып, атын Арзыгүл деп аташын, сырын сурабашын, үйүнө эч ким келбешин суранат. Бөрүбай дароо макул болуп, түн ичинде эч кимге көрүнбөй Аңыр-Көлгө көчүп кетишет.

Эненин мээрими

Киши көзүнөн оолак кеткенин Бакалбай дароо эле билип коет. Жигитке жолугуп аялы адам эмес жылан экенин айтат. Бөрүбай шектенип калат. Бул кезде колуктусу кош бойлуу болуп, айы-күнүнө жетип калган болот. Аны сезген Арзыгүл төрөт учурунда эч ким келбешин жана Бөрүбайды да 7 күндөн кийин келишин суранат. Бала төрөлгөндө Бөрүбай алыстан ага Аманат деп ат коет. Алыстан карап койуп журөт, үчүнчү күну Бакалбай куучу жолугуп, аялы жылан тукумунан экенин айтып, 7 күн күтсө кеч болорун айтып, жигиттин кызга берген убадасын унуттурат. Ал үйүнө кирип келсе, жарымы адам, жарымы жылан аялын көрөт. Ошондо Арзыгүл сырын айтып, убадага туруксуз болдуң деп нааразы болот. Келбей турганда толук адамга айланмак экенин айтат. Баланы өзүн карагын деп, бир көзүн чыгарып берет. Бала ыйлаганда оозуна салгын деп айтат. Бир көзү калган эне жылан коштошуп, көлгө сойлоп кирип кетет. Жыландар падышачылыгынан куулган жылан кыз кайра баралмак эмес болчу. Ошентип ал өзү жалгыз бир көзү мененкөл түбүндө жашап калат. Аманатты Бөрүбай багып алат. Ал чоңойгуча жылан энеси экинчи карегин да берет. Ошентип жылан сокур болуп калат. Бала чоңойуп калганда, Бакалбай куучу айтып берет баарын. Анткени атасы күндө эле бир жакка кете берчү экен. бала сураса жооп берчү эмес экен. Бакалбай куучу айткандан кийин , Аманат ишенбей атасынын артынан барып, ак жылан энесин көрөт. Жыландын артынан көлгө кирип, энелеп кыйкырып ыйлайт. Эне жылан сууга чөгүп кетпесин деп балага сүзүп келет,бала менен эне көрүшөт. Сокур көзүнө баласынын ысык жашы тийгенде жылан эне адамга айланат экен. Ошентип алар чогуу жана бактылуу жашап калыкан экен.

Объяснение:

0,0(0 оценок)
Популярные вопросы: Другие предметы
Полный доступ
Позволит учиться лучше и быстрее. Неограниченный доступ к базе и ответам от экспертов и ai-bota Оформи подписку
logo
Начни делиться знаниями
Вход Регистрация
Что ты хочешь узнать?
Спроси ai-бота