В
Все
М
Математика
А
Английский язык
Х
Химия
Э
Экономика
П
Право
И
Информатика
У
Українська мова
Қ
Қазақ тiлi
О
ОБЖ
Н
Немецкий язык
Б
Беларуская мова
У
Українська література
М
Музыка
П
Психология
А
Алгебра
Л
Литература
Б
Биология
М
МХК
О
Окружающий мир
О
Обществознание
И
История
Г
Геометрия
Ф
Французский язык
Ф
Физика
Д
Другие предметы
Р
Русский язык
Г
География
yokofoku
yokofoku
14.03.2020 10:35 •  Другие предметы

нужно Бышыктоочтордун түрлөрүн кайталагыла.
• Мезгил бышыктооч деп эмнени айтабыз?
Орун бышыктооч деп эмнени айтабыз?
• Сын-сыпат бышыктооч деп эмнени айтабыз?
• Себеп бышыктооч деп эмнени айтабыз?
• Максат бышыктооч деп эмнени айтабыз?
• Сан-өлчөм бышыктооч деп эмнени айтабыз?​


нужно Бышыктоочтордун түрлөрүн кайталагыла.• Мезгил бышыктооч деп эмнени айтабыз?Орун бышыктооч деп

Показать ответ
Ответ:
VladimirLoll
VladimirLoll
30.12.2020 07:49

Сын-сыпат бышыктооч

Сын-сыпат бышыктооч көбүнчө баяндооч менен катышта туруп, кыймыл-аракеттин сын-сыпатын, жөнүн аткарылыш мүнөзүн билдирет. Сын-сыпат бышыктоочко кандай? кантип? кандайча? деген суроолор берилет. Сын-сыпат бышыктоочтун милдетин төмөнкү сөздөр аткарат.

1.Сын-сыпат тактоочтор: Күлжан акырын козголуп көрдү. (Н.Б.) Реактивдүү самолёттор үндөн тез учат. Атам ар дайым мени менен орусча сүйлөшөт.

2.Чакчылдар: Жолойдун бул сөздөрүнө Кадырбай чыдабай намыстанат. (К.Ж.) Баягыдан бетер кетмендерин батыра-батыра согушту. (Т.С.)

3.Атоочтуктар: Бул күчтөрү тең болбогон урушта жоокерлер чегинбестен кармашты. (Ж.Б.) Ал чогулушта биринчи чыгып, тайманбастан, калтаарыбастан сүйлөдү.

4.Сын атоочтор: Жолоочу тынымсыз илгерилей берди. (К. Бек.) Эшик ачылып, катуу жабылды. (Т. С.) Жеңишбектин үнү Сапарга эркелегендей чыкты. (С.Ө.)

5.Ажырагыс сөз айкаштары да сын-сыпат бышыктоочтун милдетин аткарышат: - Баарын да бүткөрөбүз - деп, ал мурутунан жылмайып күлүп койду. (К.Б.) Амантур кагынып-силкинген бойдон чыгып кетти. (А.У.) Жапарды ортого алып, уй мүйүз тартып отурушту. (К. Б.)

Орун бышыктооч

Кыймыл-аракеттин ордун, багытын көрсөтүп, кайда? кайдан? кайсы жерде? кайсы жерден? кайсы жактан? кайсы жакты карай? кайсы жакты көздөй? каякка? деген суроолорго жооп берип турган айкындооч мүчөнү орун бышыктооч дейбиз. Орун бышыктоочтун милдетин, негизинен, төмөнкү сөздөр аткарат.

1.Орун тактоочтор: Чаңдын баары Даниярга капталып, ал артта калды. (Ч. А.) Ал келип, алдыда бараткан камандын дөөсүнө урунат. Бирок ошол замат түндүк бою өйдө секирип, кайра чалкасынан кетет. (С.К.)

2.Орун бышыктоочтун милдетин орундук, мейкиндик маанисиндеги жатыш, барыш, чыгыш жөндөмөсүндө турган зат атоочтор аткарат. Бул учурда алар кайда? каякка? кайдан? деген сыяктуу мейкиндик маанисиндеги суроолорго жооп берет. Мисалы: Андай эркектер дүйнөдө жок чыгар. Бөлмөсүндө жалгыз Жамийла отурат. (К.Б.) Жылуу-Булактын башы Ат-Жайлоодон башталат.

3.Карай, көздөй, чейин, дейре деген жандоочтор барыш жана табыш жөндөмөлөрүндөгү атооч сөздөргө айкаша келип, орун бышыктоочтун милдетин аткарат. Бурулча колуна конвертти алып, Стамбектин үйүн көздөй кете берди. (К.Б.) Жаш кезимде оокаттын айынан мен да Пишпекке дейре темтеңдеп жөө баргам.

Объяснение:

0,0(0 оценок)
Популярные вопросы: Другие предметы
Полный доступ
Позволит учиться лучше и быстрее. Неограниченный доступ к базе и ответам от экспертов и ai-bota Оформи подписку
logo
Начни делиться знаниями
Вход Регистрация
Что ты хочешь узнать?
Спроси ai-бота